Жогорку Кеңештин тармактык комитети Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды
Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттар медициналык тейлөөнүн сапаты, каржылоону жана дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртуу зарылчылыгы, ошондой эле жарандардын жеңилдетилген дарылоо укугуна байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.