Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборунун ишин текшерди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦке барып, энергетика объектинин иши жана эки блоктун бүткөрүлгөн капиталдык ремонту менен таанышты. Ал ТЭЦтин борбор калаа үчүн маанисин баса белгилеп, анын иштешине жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Турак жай имараттарын жана социалдык объектилерди жылуулук тармактарына кошуу маселелери да талкууланды.