
Жыргаланда инвестициялык долбоорлордун онлайн аукциону 8-10-апрелде өтөт
Жыргаланда 8-10-апрель күндөрү онлайн инвестициялык аукцион өтөт. Бул аукционго жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор катыша алат, бардык катышуучуларга бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет. Кыргызстандан келген инвесторлорго жер жеке менчикке берилсе, чет элдиктерге 49 жылга ижарага берилет.









