Кыргызстан Баткенде, Италияда, Германияда бизнес форумдарды уюштурат
Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов Баткен шаарында жана Германияда өтүүчү бизнес-форумдарга даярдык көрүү, ошондой эле негизги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Ал өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн эмгек тартибин жана инвесторлор менен жигердүү иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.