Тег Боом капчыгайы

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү пландалууда

14-18-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Боом капчыгайындагы кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Жол бир тилке жарым-жартылай жабылып, саат 09:00дөн 15:00гө чейин тазаланат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, унааларды өткөрүү иштери токтотулат. Иш-чара жер көчкү жана таш кулоолордун алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

Түркиядан келген блогерлер Кыргызстандын кооз жерлерине поезд менен барышат

Түркиялык блоггерлерден турган делегация поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерине саякатка чыгып, Боом капчыгайынын көрүнүштөрүнөн жана жогорку деңгээлдеги тейлөөдөн ырахаттанып кайтышты. Темир жол инфраструктурасын жана өлкөнүн жаратылышынын кооздугун кыдыруу конокторду суктандырып, алар туристтерди тартууга көмөктөшүп, көрүүчүлөр менен өз таасирлери менен бөлүшө башташты.