борбору

Балыкчыда жаңы жаштар борбору курулду

Балыкчы шаарында жаштар борборунун курулушу аяктады. Иссык-Куль облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган борбор, жаштарга коопсуз жана пайдалуу мейкиндикти камсыздайт. Бул жерде англис тили, математика сабактары, волонтёрдук, дебаттык жана экологиялык клубдар иштейт. Жаштардын социализациясын колдоо, коомдук демилгелерди өнүктүрүү жана активдүү жарандык катышуусун камсыздоо максатында иш алып барылат.

Кыргызстанда биринчи жолу спорттук-медициналык реабилитация борбору курулат

Кыргыз футбол союзу «Мүрөк» спорттук-медициналык жана реабилитациялык борборунун курулушун баштады. Бул борбор профессионал спортчулар үчүн биринчи атайын комплекс болуп, эл аралык стандарттарга жооп берет. Бишкектин Ленин районунда курулат. борбордо медициналык текшерүү, дарылоо жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү болот. Проект спортчулардын ден соолугун сактоого, карьерасын узартууга жана кыргыз спортунун атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга багытталган. Курулуш 2026-жылы аякталат.

Афганистандагы жер титирөөсү жети кишинин өмүрүн алып кетти

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Афганистандагы күчтүү жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны жети адамга жетти, 150дөн ашык адам жаракат алды. Жер титирөө борбордук Афганистанда магнитудасы 6,3 болгон. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө курмандыктардын саны өсүүдө.

Кыргызстанда тубаса өнүгүү кемтиктерин эрте аныктоо системасы түзүлөт

Министрлик 2025-2030-жылдарга пренаталдык скринингди киргизүү боюнча "Үмүт" улуттук программасынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул программа энелердин жана балдардын ден соолугун чыңдоого, тукум куума жана хромосомалык ооруларды эрте аныктоого, ошондой эле кош бойлуулук учурунда медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы «Альфа» бөлүмүнүн окуу борборунун ачылышына катышты. Президент бөлүмдүн эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө тажрыйбасы мол экенин белгиледи.

Бишкекте «Азаттык Арена» менен борборду байланыштырган эки трамвай линиясы ачылат.

Бишкекте эки трамвай линиясынын ачылышы пландалууда. Алар борборду айланып өтүп, Жибек Жолу, Шабдан Баатыр, Фучик жана Ахунбаев көчөлөрү аркылуу өтөт. Биринчи этапта 30 чакырым курулат.

Бишкекте жашыл энергетика боюнча окуу борбору жана Борбордук Азия бизнес жогорку мектеби ачылды.

Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев адам капиталынын жана билим берүү потенциалынын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларга катышты. Ал жашыл энергетика боюнча окуу борборунун жана Борбордук Азиянын жогорку бизнес мектебинин ачылышында сөз сүйлөп, бул демилгелердин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Баетов айылында маданий борбор курулат

Нарын облусунун Баетов айылында үч кабаттуу, китепкана, кинотеатр жана балдардын оюн аянтчасы менен жабдылган маданий борбор курулат. 150 млн сомдук долбоорго каражат президенттин Стабилизациялык фондунан бөлүнөт.

«Келечек» борборунда өзгөчө муктаждыктары бар балдарга стоматологиялык жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт

Бишкектеги «Келечек» реабилитация борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарга стоматологиялык жардам жана комплекстүү реабилитация кызматтарын көрсөтөт. Борбордо толук жана күндүзгү форматтарда кызматтар бар.