
Боз айылынын тургундары электр энергиясын укук коргоочуларга кайрылгандан кийин гана алышты
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылына көп жылдардан кийин электр энергиясы тартылды. Бул укук коргоочулардын кийлигишүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду. Айыл тургундарынын арызынан кийин 20 электр мамычасы жана эки жаңы трансформатор орнотулду.








