Тег брифинги

Тышкы иштер министрлигинде элчилер үчүн брифинг: 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн артыкчылыктары

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары өзүнүн артыкчылыктуу багыттарын көрсөттү. Өлкөнүн көңүлү Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы ишенимди чыңдоо, тынчтыкты сактоодо аялдардын ролун жогорулатуу жана тоо күн тартибин алдыга жылдырууга багытталган. Кыргызстан 2026-жылдын июнь айында өтө турган шайлоодо БУУнун башка мүчө-мамлекеттеринин колдоосуна үмүттөнүүдө.