Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2025-жылды айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика жылы деп жарыялоону сунуштады. Ал климаттын өзгөрүшүнө жана булганышына каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле «жашыл» технологияларды киргизүүгө жана калктын ден соолугун чыңдоого багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгууну жарыялады. Өзбекстан азыртадан эле Арал кырсыгынын кесепеттери менен күрөшүү жана жашылдандыруу боюнча демилгелерди ишке ашырууда.
Бакуда COP29 климаттык конференциясында климаттын өзгөрүшүнүн шартында Кыргызстандын тоолуу аймактарынын калкынын ден соолугунун көйгөйлөрү талкууланууда. Делегация 2025–2029-жылдарга саламаттыкты сактоону адаптациялоо планын, анын ичинде телемедицина сыяктуу инновациялык ыкмаларды сунуштайт. Климаттын өзгөрүшү, өзгөчө калктын аялуу катмарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, саламаттык сактоо системасын жакшыртуу жана жаңы профилактикалык чараларды иштеп чыгуу үчүн кошумча инвестицияларды жана күч-аракетти талап кылат.
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар министрлиги көмүр менен иштеген тепловоздун түтүнүн көрсөткөн видео жарыялангандан кийин Бишкекте абанын булганышын текшерди. Инспекторлор зыяндуу заттардын көлөмүн ашыра аткарганы үчүн тартип бузганга 23 миң сом айып пул салган. Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды тез чара көрүү үчүн булгануу фактылары тууралуу билдирүүгө чакырат.
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар министрлиги Ош облусунда таштанды төгүүчү жайларга жана абанын булганышына көзөмөлдү күчөтүүдө. Гүлчө айылындагы таштанды таштоочу жайга өзгөчө көңүл бурулуп, таштандыларды жыйноо иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөт башчысы уруксатсыз кирүүгө жол бербөө үчүн аймакты тосмо менен тосууну жана күзөт постун орнотууну пландоодо. Чаң жана газ тазалоочу цехке муктаж болгон мектептин отканасы да текшерилди. Жаратылыш ресурстар министрлиги экологиялык нормалардын сакталышы боюнча аймактагы текшерүүлөрдү улантат.
Ысык-Көлдөгү Royal Beach пансионаты Соцтармактарда тараган видеодо адамдардын труба казып жаткандыгы көрсөтүлүп, суу септик дренаждык системаларынан келип жаткандыгы талкууланган. Минприроддун адистери суунун аналисин алып, дренаждык суу экени билдирилди.