Кыргызстанда бир жумада мас абалында 200гө жакын айдоочу кармалды
Кыргызстанда 16-сентябрдан 22-сентябрга чейинки бир жумада 14617 жол эрежесин бузуу фактысы катталды, анын ичинен 405и документи жок, 199у мас абалында болгон. Ошондой эле 3280 ылдамдыкты бузуу жана 7549 башка эреже бузуулар катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жол эрежесин сактоого чакырат.