Бишкекте муниципалдык инспекция таштандыларды белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сактаган бир нече адамга айып пул салды. Текшерүүлөрдө санитардык нормалардын бузулушу, анын ичинде курулуш таштандыларын жайгаштыруу жана антисанитардык абал аныкталган. Инспекция жарандарды тазалыкты сактоого чакырат.
Кыргызстанда 14-октябрдан 20-октябрга чейинки аралыкта 18 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары, анын ичинде мас абалында унаа башкаруу жана ылдамдыкты жогорулатуу фактылары аныкталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жол эрежесин сактоого чакырат.
Талас районунда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоого тартылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине окуу болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан 30дан ашык кызматкерлерге укук бузууларды аныктоодо иш тартиби жана аракеттери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн арыздарды каттоо механизми жана жоопкерчилик боюнча окуулар өткөрүлдү.
Ала-Букин районунун Байма айылында жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталды: жергиликтүү тургун К.М. талаптагы 0,50 гектардын ордуна 0,70 гектар жерди алтын казып алуу учун казып, асылдуу катмарын зыянга учураткан. Ага 537 миң 600 сом доо коюлуп, 5 миң 500 сом айып салынган.
Бишкекте 90 чарчы метр аянтты ээлеген уруксатсыз туруктуу гаражды демонтаждоо иштери аяктады. метрди үй-жайсыз адамдар пайдаланып, аймакты булгаган. Объект турак жайлардын жанында жайгашкан.
Ысык-Көл районундагы Ак-Шумкар кордонунда браконьерликке каршы күрөшүү үчүн пост түзүлдү. Рейддин жүрүшүндө балык салынган синтетикалык торлор алынган. Тартип бузгандарга айып пул салынды.
Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкектеги микрокредиттик компанияга мыйзамдарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 55 миң сом айып салды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Hemotest KG” лабораториясына расмий сайтта мамлекеттик тилди колдонууга байланыштуу “Жарнак жөнүндө” КР мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салды.
Бишкекте "Манас" аэропортуна баруучу трассада мыйзамсыз жарышка катышкан BMW унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы мыйзам бузууларга активдүү чара көрүп, жарандарды мындай окуялар тууралуу билдирүүгө үндөйт.
Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкектеги Sky Course алмашуу бюросунун ишин убактылуу токтотту. Лицензия 2024-жылдын 19-сентябрынан 3-октябрына чейин токтотулат.