Тег бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет

Жогорку Кеӊештин комитети 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карады.

Бишкекте Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 2023-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту талкуулады. Депутаттар билим берүү, медицина жана маданият тармагында эмгек акыны жогорулатуу, окуу китептерин каржылоо зарылчылыгын көтөрүштү. Ошондой эле Социалдык фонддон түшкөн трансферттер жана социалдык объектилерди куруудагы коррупцияга каршы күрөш талкууланды.