Сузак районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоо иштери аяктады
Сузак районунда 2024-жылдын 22-сентябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоо иштери аяктады. Жалпысынан 124 570 бюллетень, анын ичинде кыргыз, орус жана Брайл арибиндеги варианттары басылып чыкты. Басып чыгаруу процесси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнүп, укук коргоо органдары тарабынан корголгон. Бюллетендер жогорку деңгээлде корголгон жана шайлоо участкаларына жеткирилет.