Бишкекте Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылды
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлүп жатканына байланыштуу Бишкектин Ала-Тоо аянты жана Чүй проспектиси унаалар үчүн жабылды. Чектөөлөр 1-ноябрь саат 12:00гө чейин күчүндө болуп, айдоочулардан каттамдагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз.