Нарын дарыясына чөгүп кеткен кызды издөөгө 58 адам тартылды
Нарында 2-ноябрда сууга чөгүп кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Операцияга куткаруучулар, полиция жана жергиликтүү тургундардан турган 58 адам катышууда. Издөө иштери ал дарыяга секирип кеткен көпүрөдөн жүргүзүлүүдө.