Тег чөптөрдөн

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз салттуу медицина академиясын түзүү демилгесин көтөрүүдө

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги салттуу элдик медицинаны өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына интеграциялоого багытталган токтом долбоорун сунуштоодо. Документте адистерди даярдоо, илимий институттарды түзүү жана дипломдон кийинки билим берүүнү күчөтүү чаралары камтылган. Медицинадагы салттуу билимдерди колдоо жана өнүктүрүү максатында чөптөр менен дарылоо жана акупунктура сыяктуу дарылоо ыкмаларын системалаштырууга басым жасалат.