Тег чакан ГЭСтер

Энергетика министрлиги жыл башынан бери 22 компания менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түздү.

2024-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында 22 компания менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдерди түздү. 45,9 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтер ишке киргизилип, жаңы күн жана шамал электр станциялары курула баштады. Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги генераторлорду реконструкциялоо иштери улантылып, алардын кубаттуулугу жогорулайт.