Тег чакырылыш

Жогорку Кеңеш тарыхый чечим кабыл алып, өзүн-өзү таркатты.

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу тууралуу токтом долбоору депутаттар тарабынан жактырылды. Бул Кыргызстан тарыхында парламенттин мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таркатуу чечими кабыл алынган алгачкы учур.

Парламент комитети Жогорку Кеңештин VII чакырылышын өзүн-өзү таркатуу сунушун колдоду.

Жогорку Кенештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу сунушу каралып, 32 депутаттан турган демилгелүү топ шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү жана саясий стабилдүүлүктү камсыздоону максат кылууда.

Жогорку Кеңеш жаңы сессиясын баштады: депутаттар жаңыртылган залга кайтып келишти – сүрөттөр.

Жогорку Кеңештин жаңы оңдолгон залында V сессиянын ачылышы болуп өттү. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, депутаттарга адилеттүү чечимдерди кабыл алууга чакырды.

Депутаттар жаңы имаратта Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясын салтанаттуу түрдө ачышты.

Бишкекте Жогорку Кеңештин жаңы оңдолгон залында V сессиянын ачылышы болуп өттү. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды жаңы залда кабыл алып, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төртүнчү сессиясы жыйынтыкталды.

Бишкек, 26.06.25. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төртүнчү сессиясы жабылды. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу сессияны кыйын жана мазмундуу деп баалап, парламенттин күчтүү мыйзам чыгаруу органы экенин белгиледи. Ал элдин үнүн аткаруу бийлигине жеткирүүдө парламенттин ролун баса белгиледи.