Кыргызстан Палестина-Израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүүнү жактайт, – деди Садыр Жапаров
Кыргыз Республикасы ЖТКнын жыйынында сөз сүйлөп, Палестина-Израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганын ырастап, эл аралык гуманитардык укукту жана Палестина элинин өз тагдырын өзү чечүүгө укуктарын урматтоого чакырды.