чектөө

Россияда ноябрдан тартып бир адамга 20дан ашык SIM-картаны каттатууга болбойт

1-ноябрдан тартып Россияда бир адамга 20дан ашык sim-карта катталбайт. Бул чектөө жарандарды мобилдик байланыш аркылуу жасалган кылмыштардан коргоого багытталган. Sim-карталардын санын "Госуслуги" аркылуу текшерүүгө болот.

Айрым категориядагы жарандарга гана «Манас» аэропортуна убактылуу кирүүгө уруксат берилет

«Манас» аэропортундагы оңдоо иштерине байланыштуу терминалга унаалардын кирүүсү убактылуу чектелди. Кирүү укугу кары-картаңдарга, балалуу энелерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилет.

Бишкек-Ош жолунда автобустардын кыймылы 2026-жылдын 1-майына чейин чектелди

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге даярдоого чакырат. 15-октябрдан баштап Ош-Бишкек багытында жүргүнчү ташуучу транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Айыл чарба министрлиги картошка импортун убактылуу чектөөнү пландоодо

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги картошканын импортун убактылуу чектөөнү караштырууда. Бул кадам ички рынокто баанын түшүшүн алдын алуу жана жергиликтүү фермерлердин кызыкчылыгын коргоо максатында жасалууда.

Кыргызстанда айрым көмүр продукцияларын автоунаа менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде көмүрдүн тартыштыгын алдын алуу жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында, айрым түрдөгү көмүр продукцияларын автоунаа менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

2025-жылдын 13-октябрынан тартып Бишкекте Ауэзова көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен У. Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Жолдордун асфальт жабуусун жаңыртуу жана тротуарларды калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Шаардыктардан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонуу сунушталат.

Экология министрлиги квадроциклдардын колдонулушун чектөө менен алектенет

Президенттин кайрылуусунан кийин Министрлик жарандарды табиятты жана жайыттарды коргоого чакырып, түшүндүрүү иштерин күчөттү. Квадроциклдерди колдонууга чектөө киргизүү боюнча токтом долбоору даярдалды.

Күчтүү кардан улам Тоо-Ашуу ашуусу жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды.

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Тоо-Ашууда катуу кар жаап, бороон болуп жатат. Жолдорго инерттүү материалдар себилип, коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү коюп, жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 90 күнгө көмүргө убактылуу баа чектөөлөр киргизилди.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 90 күнгө көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул чара отун сезону учурунда көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баанын өсүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган.