Тег чектөөлөрдү

ЕЭК Орусиянын вице-премьерине Кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн чектөөлөрдү алып салуу өтүнүчү менен кайрылды

Орусиянын аймагында чет элдик жарандардын визасыз жүрүү мөөнөтүн чектөө ЕАЭБдин принциптерине каршы келет. Бул маселе боюнча ЕЭК тез арада жыйын өткөрүп, көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулады.

Жээнбек Кулубаев Алматыда өткөн Борбор Азия жана Россия ТИМ башчыларынын Сегизинчи жолугушуусуна катышты.

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алматыда өткөн Борбордук Азия жана Россия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин Сегизинчи жолугушуусуна катышты. Иш-чаранын алкагында министрлер 2022-жылдын октябрында өткөн Борбордук Азия жана Россия мамлекет башчыларынын биринчи саммитинде жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты. Жээнбек Кулубаев жолугушууда алты тараптуу өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогору баалап, жүк ташуу жана жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жоюуга багытталган аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.