Тег чет элдик инвестициялар

“Ыйман Нуру” фракциясынын депутаттары Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушуусу болду. Климаттын өзгөрүшү, жашыл экономика жана инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Депутаттар стратегиялык пландаштырууга жана инклюзивдик саламаттыкты сактоого басым жасашса, элчи биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эксперттик колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.