Италия Кыргызстандын айыл чарба, энергетика жана IT тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Консул Антонио Кастиелло жетектеген италиялык делегация Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасында болуп, айыл чарба, энергетика жана IT тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Палатанын вице-президенти кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ишкерлерди өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты пайдаланууга чакырды.