Тег чийки зат

Бакыт Төрөбаев Токмоктогу «Касиет» камвол-жип ийруучу фабрикасында болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токмоктогу «Касиет» камвол-жип ийрүү фабрикасында болуп, анын өндүрүшүн жана кубаттуулукту жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жүндөн жип чыгарган фабрика банкрот болгондон кийин 2015-жылдан бери Viva Tex тарабынан ижарага алынган.

Өзбекстандын кондитердик ишканасы Кыргызстандан чийки зат алып келүүнү пландоодо

Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын эң ири кондитердик компаниясы Safia Cafe&Bakery менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүү үчүн Кыргызстандын сырьёсун, анын ичинде жогорку сапаттагы сүт жана мисте кесимдерин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Safia Cafe&Bakery жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдеген кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.

Жети-Өгүздө кирпич чыгаруучу завод ачылат

Жети-Өгүз районунда кубаттуулугу суткасына 200 миң даанага чейин кирпич чыгаруучу заводдун курулушуна капсула салынды. 8-10 миллион долларлык долбоор жергиликтүү өндүрүштү камсыздайт жана чийки зат үчүн карьерди камтыйт. Буга чейин 5 миллион доллар каржылоо бекитилген.