Тег чикунгунья

КРде 2020-2024-жылдары 11 импорттолгон безгек учурлары катталды: Жарандарды алдын алуу чараларын көрүүгө чакырышты

КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кан соргуч курт-кумурскалар аркылуу жугуучу инфекцияларга каршы алдын алуу чараларын сактоого чакырат. Чикунгунья вирусу, Зика жана башка оорулар коркунуч туудурат. Эндемикалык аймактарга баруу алдында алдын алуу чараларын көрүү сунушталат.

Кытайдын түштүгүндө чикунгунья ысытмасынын эпидемиясы катталды.

Фошань шаарында чикунгунья ысытмасынын жергиликтүү очогу катталды. 8-июлда биринчи учур аныкталып, 15-июлга карата 478 адамга диагноз коюлган. Оорунун белгилери: жогорку температура, териде исиркектер жана муундардагы оорулар. Жарандарга коопсуздук чараларын көрүү сунушталат.

Францияда чикунгунья эпидемиясына байланыштуу шашылыш план киргизилди.

Франция Реюньон аралында чикунгунья вирусунун эпидемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бир аптада 6 миң жаңы учур катталып, жалпы саны 20 миңге жетти. Вакцинация башталып, 40 миң доза жеткирилди.