Тег чыгашалар

Парламенттик фракциялар республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты

Жогорку Кеңеште фракциялардын жыйыны өтүп, анда 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору талкууланды. Каржы министринин орун басары бюджеттин киреше, чыгаша жана профицитти камтыган негизги параметрлери менен тааныштырды. Депутаттар дотацияланган аймактар, минималдуу айлык акы жана социалдык объектилерди каржылоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын колдоо боюнча суроолорду беришти. Мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен колдоо тапты.

Кыргызстанда коммерциялык колдонуучулар үчүн электр энергиясына тарифтер көтөрүлдү

Кыргызстанда турак-жай эмес колдонуучулар үчүн электр энергиясынын тарифи кВт/саат үчүн 376,7 тыйынга чейин көтөрүлдү. Мындай чечим жетишсиздик шартында электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу жана 2024-жылы 8,1 миллиард сом дефицитти күткөн энергетикалык компаниялардын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында кабыл алынган.