Бакыт Төрөбаев МТСтин автопарктарын пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча кеңешме өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Стандарт Агросервис» ЖЧКсында болуп, лизингге берүү жана айыл чарба техникаларын тейлөө маселелерин талкуулады. Кыргызстандын 150дөн ашык МТСине техникаларды оңдоону жакшыртуу жана компаниянын тажрыйбасын жайылтуу максатында фермерлер жана кооперативдер үчүн семинарларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.