Тег дайындоо

Эрмек Казаков Соцфонддун орун басары болуп дайындалды

Бишкекте Эрмек Казаков Социалдык фонддун орун басары болуп дайындалды. Аны жаңы кызматка Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев тааныштырды. Казаков, жогорку билим алгандан кийин, Социалдык фонддо иштеп, адис катары баштап, жетекчилик кызматка чейин көтөрүлгөн.

Арсен Кыдыралиев Бишкек башкы архитектурасынын башчысынын орун басары болуп дайындалды

Арсен Кыдыралиев Бишкек шаарынын курулуш жана архитектура департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал санариптештирүү, укуктук камсыздоо жана «Бирдиктүү терезе» багыттарын көзөмөлдөйт.

Абдразаков: IV Элдик курултайда өнүгүүгө багытталган маанилүү маселелер көтөрүлүшү керек

Кыргызстандын келечеги жана тагдыры үчүн маанилүү маселелер талкууланчу IV Элдик курултай 22-декабрда Бишкекте өтөт. Делегаттар жергиликтүү курултайларда бекитилип, социалдык маселелерди чечүүдө курултайдын ролу белгиленет.

Маданият министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Бишкек, 15.09.25. Гүлбара Абдыкалыкова кызматынан бошотулуп, ордуна Аскаралы Мадаминов дайындалды. Мадаминов министрликтин административдик ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Ал 1988-жылы төрөлгөн, жогорку билимдүү. Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп иштеп, мыйзам чыгаруу иштерине катышкан. Неолимпиялык спорт түрлөрү боюнча дирекцияда жетекчилик кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууда чоң тажрыйбага ээ. Премьер-министрдин, бир катар министрликтердин жана шаардык кеңештин ардактуу грамоталары менен сыйланган.

Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Сагынбаев Канат Латипжанович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурдагы милдеттеринен бошотулду.