Каракол шаарында прокуратуранын 100 жылдык мааракеси белгиленди
19-ноябрда Каракол шаарында Кыргызстандын прокуратурасынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Майрамдык салтанатка жогорку даражалуу коноктор жана прокуратуранын кызматкерлери катышып, биринчи вице-мэр Эрлан Айсаракуновдун куттуктоосун жана белектерин алышты.