Тег дарыкана

Кыргызстан менен Азербайжандын саламаттыкты сактоо министрлери кызматташууну талкуулашты

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын саламаттыкты сактоо министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда медицина тармагындагы кызматташуу, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо маселелери талкууланды. Министрлер адистердин квалификациясын жогорулатуунун жана саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу боюнча медициналык мекемелердин биргелешкен ишинин маанисине токтолушту.

Бишкекте жаңы мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке кирди

Бишкекте 19-мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылып, анда 2500дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталууда. Дары-дармектердин баасы жеке дарыкана түйүндөрүнө салыштырмалуу 10-20% арзан, ал эми жеңилдетилген рецепттерде арзандатуу 100%га жетет. Дарыканалардын ачылышы калктын дары-дармек менен камсыз болушун жакшыртууга багытталган.

Кыргызстан менен Орусия Бишкекте фармацевтикалык завод түзүүгө ниеттенүүдө.

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык кызматтар агенттиги Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагы боюнча радиофармацевтикалык дарыкананы, молекулярдык визуализация борборун жана радионуклиддик терапия борборун курууну пландап жатат. Бул долбоор "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен биргелешип иштеп чыгууда. Жаны технологиялар жана пландоо чечимдери республикада биринчи жолу колдонулмакчы.