Анкарада «Ankara Travel Expo» көргөзмөсү өтүп, анда Кыргызстан өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тартуулады. Катышуучулар, анын ичинде элчилик жана компаниялар Түркиянын туристтик агенттиктер ассоциациясы менен кызматташууну бекемдөө жана Кыргызстанга иш сапарын пландаштыруу максатында талкуу жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Аравиясына сапарын аяктап, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга барды, ал жерде пленардык жыйында сөз сүйлөп, тоо күн тартибине арналган иш-чарага катышат.
Өзбекстанда Кыргызстандын бизнес-делегациясынын «Фуд Сити» дүң соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде мөмө-жемиштерди, эт жана сүттү жайгаштыруу жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Делегация ошондой эле жергиликтуу колбаса жана балык чарба заводдорунун ендуруштук базалары менен да таанышты. Фуд Сити - соодагерлерге жана тамак-аш кайра иштетүүчүлөргө ар кандай кызматтарды сунуш кылган өлкөдөгү эң ири дүң базар.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында немис ишкерлери менен жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөдөгү инвестициялык климатты талкуулады. Ал Германиянын гидроэнергетика жана логистикалык долбоорлорго кызыгуусу өсүп жатканын баса белгиледи, ошондой эле инвесторлорду колдоо чараларын жана салык мыйзамдарын жакшыртууну жарыялады.
ШКУнун РАТС Кеңешинин 42-жыйыны Пекинде өтүп, Кыргызстан төрагалык кылууну өзүнө алды. Террорчулукка каршы чаралар талкууланып, биргелешкен операцияларды жана семинарларды өткөрүү пландары бекитилди. Маанилүү окуялар терроризмге каршы машыгуу жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция болду.