Тег делимитациялоо

Кыргызстан негизги коопсуздук маселесин чечүү алдында турат

Аймактын стабилдүүлүгүнө көптөн бери коркунуч туудурган Борбор Азиядагы чек араны тактоо маселеси Кыргызстан менен Өзбекстандын жаңы лидерлеринин саясий жана дипломатиялык аракеттеринин аркасында акырындап чечилүүдө. Тынч чек араларды орнотуу соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана жаңы өткөрүү пункттарынын ачылышына шарт түзөт. Тажикстан менен жараян жайыраак жүрүп жаткан чакта, тараптар чек аранын 95%ы боюнча макулдашууга аз калды, бул мындан аркы кызматташууга жана аймакты өнүктүрүүгө перспективаларды ачат.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагаларынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуусу

Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Делегациялардын башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасын баса белгилеп, жумушчу топторго чек ара сызыгын аныктоо боюнча ишти улантууну тапшырышты.