
Бишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтүүдө
Бишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу жаштар форуму өтүп жатат. Бул иш-чарага 5000ден ашык жаш активисттер, студенттер, волонтерлор жана ишкер жаштар катышууда, ал эми форумдун максаты - жаштарды бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштардын бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдар менен түз диалогун камсыз кылуу. Иш-чара бүгүнкү эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулууда.








