Тег демилгеси

“Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге жумасына эки күн коомдук транспортто жүрүү сунушталууда”

Бишкекте транспорт абалын жакшыртуу үчүн мамлекеттик кызматкерлерге жумасына эки күн коомдук транспортто жүрүү сунушталды. Мэрия жана президенттик администрация тарабынан колдоого алынган демилге жол тыгынын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы көйгөйлөрдү аныктоого багытталган. Мындай иш-чаралар Орусияда да пландалып, депутаттар чиновниктердин коомдук транспортту милдеттүү түрдө колдонуусу боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.