Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бардык жарандар үчүн кантты акысыз текшерүү мүмкүнчүлүгүн эске салат. Кант диабети менен ооругандардын көбөйүшү эрте аныктоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Үзгүлтүксүз текшерүүлөр кыйынчылыктардын алдын алууга жана натыйжалуу дарылоону камсыз кылууга жардам берет.
Кыргызстанда “Аялдардын ден соолугу!” айлыгы аяктап, анда 700 миңден ашуун аял профилактикалык текшерүүдөн өттү. Жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана рак оорусунун жогорку коркунучтары аныкталган. Кампания эрте диагноз коюу жана ден соолукту чыңдоо, өзгөчө айыл жергесинде аялдар медициналык кароодон өтүүгө кайдыгер мамиле жасоого багытталган. Долбоор өлкөнүн бир катар аймактарында сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында ишке ашырылууда.
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта аялдардын жугуштуу эмес оорулар боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган “Аялдардын ден соолугу” айлыгы башталат. Швейцариялык долбоор тарабынан колдоого алынган демилгенин алкагында 18 жаштан жогорку аялдар акысыз текшерүүдөн өтүп, оорулардын, анын ичинде кант диабети жана гипертония оорусунун алдын алуу боюнча кеңеш ала алышат. Иш-чара ооруларды эрте аныктоого багытталган, бул оорунун татаалдануу жана өлүм коркунучун азайтууга жардам берет.
Алкоголдун кооптуу таасирлери тууралу Бишкек шаарынындагы ден соолук борборунун адистери маалымат берилди. Жасалма төрдө жогору денгеелде алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, өстүрүүнүн мээсине жана ички органдарына терс таасир этет. Этил спиртинин таасири менен ох жугуртуунун онугушу кечигип, этикалык нормалар бузушу мумкун. Ошондой але, аз алкоголдуу коктейльдер ӧспӱрӱмдер ӱчын зыяндуу, анткени аларда ашыкча калорий, кофеин жана башка кошумчалар бар.