Асеин Исаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту
Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Масаки Исикаванын жолугушуусу болду. Кыргызстандын президентинин Японияга сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде «Борбор Азия + Япония» диалогунун алкагындагы иш-чаралар талкууланды.