Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун диаспора лидерлеринин алтынчы жыйыны өтүп, анда түрк тилдүү диаспоралардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашып, глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн күчтөрдү бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Форумдун алкагында элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да уюштурулду.
Дубайда кыргыз диаспорасы жана Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги уюштурган “Ынтымак кубогу” футбол турнири өттү. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган иш-чарага 200гө жакын катышуучу жана 8 команда катышып, мекендештердин ынтымагын, маданий мурастарды сактоого үндөдү.
Чикагодо тарыхый окуя болуп өттү - Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстандын желегин көтөрүү. Башкы консул Болотбек Борбиев биримдиктин жана маданий мурастын маанилүүлүгүн белгилесе, АКШ өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын жергиликтүү көп түрдүүлүккө кошкон салымын баса белгилешти. Салтанатта гимндер аткарылып, өнөрпоздор улуттук бий жана ырлар менен коштолду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга сапары эки тараптуу мамилелердин жаңы мейкиндиктерин ачкан тарыхый окуя болуп калды. Экономика, маданият жана инвестиция тармагында кызматташуунун келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Бул сапар ошондой эле Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана анын эл аралык имиджин көтөрүүгө өбөлгө боло турган тажрыйба жана технология алмашуу аянтчасы болуп калды.
Бишкекте кыргыз тилин А1 деңгээлинде үйрөнүүгө арналган “Оңой Кыргыз” мобилдик тиркемеси тартууланды. Иш-чаранын катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер интерактивдүү оюндар аркылуу тиркеменин функционалдуулугу жана аны колдонуу менен таанышты.
Лондондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чарага Улуу Британиянын ар кайсы шаарларынан 11 команда чогулуп, элчи Улан Джусупов өлкөнүн модернизациялоо жана өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Турнир бир гана спорттук иш-чара эмес, кыргыз диаспорасынын байланышын чыңдоочу, улуттук маданиятты даңазалоочу маданий майрамга айланды.
Майнц шаарында “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V.” кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган 49-Маданияттар аралык фестивалы өттү. Катышуучулар боз үй, улуттук тамак-аш жана сувенирлерди тартуулап, көптөгөн коноктордун көңүлүн бурушту.
Брюссель Кыргызстандын Эгемендуу кунуно жана Кара-Кыргыз Автономиясынын облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара откорулду. Иш-чарада Кыргызстандагы туристтик жана инвестициялык мүмүкүнчүлүктөр, ошондой эле кыргыз маданиятынын байлыгы көрүндү. Элчи Айдит Эркин Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосунан өнөктүк келишими менен белгиленип, өлкөнүн жетишкендиктерин жана Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдыгын эскерди. Мындан тышкары, катышуучуларга "Ысык-Көлдүн кочкул апийлери" тасмасы көрсотулуп, фото көргөзмө юштурулду.