Тег дин боюнча мамлекеттик комиссия

Төрага: Жоолук калат, дааватка тыюу салынбайт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жыйынында динге байланыштуу мыйзам долбоорлору жоолукту чечүүгө жана дааватка тыюу салууга мажбурлабай турганын түшүндүрдү. Ал мамлекет динге кийлигишпей турганын, сунушталып жаткан чаралар диний ырым-жырымдарды иретке келтирүүгө жана социалдык көйгөйлөр менен күрөшүүгө багытталганын баса белгиледи.