Бишкекте Борбор Азиядагы зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү боюнча конференция аяктады
Бишкекте Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан уюштурулган “Борбордук Азияда зомбулук экстремизмдин алдын алуу” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Катышуучулар 2024-жылдагы жетишкендиктерди талкуулап, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана калктын диний сабаттуулугун жогорулатууда мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.