Кээ бирөөлөр даават аркылуу терс иштерди актап жатышат – Максат ажы Токтомушев
Экс-муфтий Максат ажы Токтомушев “Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу айтып, анын дааватка чек койбой турганын, динге зыяны жок экенин баса белгиледи. Ал маалымат таратууда жоопкерчиликке чакырып, даават коомдук жайларда жана мечиттерде, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.