Тег добуш

Бакыт Бакетаев: Кыргызстан шайлоо маселелеринде цивилизациялык деңгээлге көтөрүлүүдө

Кыргызстанда шайлоо процесстери санариптештирилип, мыйзам бузууларга жол берилбейт. Аялдарга жана ар кандай социалдык топторго укуктар берилип, дистанциялык добуш берүү киргизилди. Ар бир округдан үч депутат шайланат, бул шайлоонун тең салмактуулугун камсыздайт. Агитацияга көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам бузууларга катуу чаралар көрүлөт.

Аалы Карашев: Шайлоо реформасы сапаттуу парламент түзүүгө жардам берет

Кыргызстанда жаңы шайлоо реформасы сапаттуу парламент түзүүгө багытталган, деп билдирди экс-депутат Аалы Карашев. Реформа ачык-айкын добуш берүү жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Саясат таануучу: Шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөр административдик ресурска тоскоолдук жаратты

Кыргызстанда автоматташтырылган шайлоо системасы жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр добуш берүү жыйынтыктарын бурмалоону токтотту. Бул системанын жардамы менен ар бир шайлоочу бир гана добуш бере алат, бул шайлоодо адилеттүүлүктү камсыз кылды.

Токон Мамытов: “Аймакчылык принциби боюнча добуш берүү – өлкөнү жана өзүн өзү алдоо

Саясаттагы «жердешчилик» өлкө биримдигине жана мамлекеттик башкаруунун сапатына коркунуч жаратат. Бул ыкма парламентти эл өкүлчүлүгү эмес, аймактык жана кландык лоббисттер жыйынына айлантат.

Эксперт: Шайлоо эрежелеринин жаңыланышы талапкерлер үчүн тең шарттарды түзөт

Парламенттик шайлоолорду дайындоо бүгүнкү күндүн талабы. Шайлоолор ачык-айкын жана мыйзам чегинде өтүшү керек, мында ар бир округдан 3-4 талапкер шайланат. Президенттин адилетсиздикке жол бербөө чакырыгы маанилүү. Жаңы эрежелер гендердик теңчиликке өбөлгө түзөт.

Садыр Жапаровдун ЖК депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров 30-сентябрда элге кайрылып, Жогорку Кеңештин 8-чакырылышына шайлоолорду 30-ноябрга белгиледи. Ал узак мөөнөттүү саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн санариптик шайлоо системасын киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жапаров: “Сиздин добушуңузду сатып алган депутат беш жыл бою өз кызыкчылыгын гана көздөйт

Президент Садыр Жапаров шайлоочуларды добуш берүүдө ак ниеттүү болууга чакырып, добуштарды сатпоого жана акча сунуштаган талапкерлерди ашкерелөөгө үндөдү. Ал депутаттардын негизги милдети мыйзам жазуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө экенин эскертти. Жаңы шайлоо системасы менен эл түздөн-түз өз өкүлдөрүн тандай алат.

Президент: Биз эски системаны жойдук. Шайлоо процесси толугу менен санариптештирилди.

Кыргызстанда шайлоо процесси толугу менен санариптештирилген жана автоматташтырылган, деп билдирди президент Садыр Жапаров. Эми добуштарды эсептөөдө жана жыйынтык чыгарууда бийликтин таасири болбойт, компьютер дароо жыйынтыктарды чыгарат.

Президент 30 жыл ичинде ар түрдүү депутаттарды көргөнүңүздөрдү белгилеп, адилеттүү жана жоопкерчиликтүү добуш берүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров чакырган элди парламенттик шайлоолорго жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана аймактык бөлүнүү менен добуш берүүдөн баш тартууга чакырды.

Алдыдагы шайлоодо шайлоочулар каалаган шаарда добуш бере алышат.

Мамлекеттик "Кызмат" мекемеси БШК менен кызматташып, шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында шайлоо учурунда ар кайсы участкаларда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет.