Бишкекте бир адамдын унаасын алып кетип, 47 миң доллар талап кылышкан.
Бишкекте денесине залал келтирем деп коркутуп, жарандан 47 миң 300 доллар талап кылган шектүү кармалды. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.