Кайыңды конушунда жол курулушу башталат
Бишкектин Кайыңды конушунда Дорожный тилкесинде жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жолчулар 1100 метр узундукка бордюрларды орнотуп, асфальт төшөө үчүн негиз даярдоодо. Ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады.