Тег «Достук» ордени

Өзбекстандын президенти билим берүү тармагындагы сиңирген эмгеги үчүн этникалык кыргыз аялды «Достук» ордени менен сыйлады.

Анжиян областынын башталгыч классынын мугалими Тойчубаева Айсулу Маматбековна жаштарга билим берүүнү өнүктүрүүгө жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйланды. 32 жылдык тажрыйбасы менен окуу китептерин жана маданий демилгелерди жаратууга активдүү катышып, патриоттук тарбияны жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоону жайылтууда.

Акылбек Жапаров Россия президентинин жарлыгы менен “Достук” ордени менен сыйланды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Россиянын президенти Владимир Путин «Достук» ордени менен сыйлады. Сыйлыкты Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчук Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунда тапшырды.