Бишкекте жаранды мыйзамсыз кармап, кыйноого алган эки милиционер кармалды
Бишкекте жаранды мыйзамсыз кармап, кыйноого алган ГОМ-5 РИИБдин ыкчам кызматкерлери кармалды. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесинен жаракат бар экенин тастыктаган. Окуяга тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.