МЭКтин жетекчисинин орун басары MITFCнын башкы директору менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Санжар Болотов Эл аралык ислам соода жана финансы корпорациясынын жетекчилиги менен онлайн жолугушуу өткөрүп, жашыл демилгелер, чакан жана орто бизнести колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады. Корпорация өкүлдөрүнүн Бишкекке иш сапары тууралуу макулдашууга жетишилди.