Тег эки тараптуу соода

Кулубаев Бангладештин элчиси Мохаммад Монирул Ислам менен жолугушту

Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бангладештин элчиси Мохаммад Монирул Исламдын жолугушуусу болду. Саясий консультациялар боюнча макулдашууларды ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, өзгөчө текстиль, фармацевтика жана айыл чарба тармагында, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Элчи Бангладештеги ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, тараптар өнөктөштүктү тереңдетүү жана соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө каалоолорун ырасташты.