Тег эки тараптуу жолугушуу

Акылбек Жапаров АӨБ вице-президенти Инмин Янг менен жолугушту

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Ян менен жолугушуп, кызматташуу, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо жана туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салым кошкон өнөктөштүккө быйыл 30 жыл толот. Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын инфраструктурасын жана суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин Ереванда жолугушту

Кыргызстан менен Орусиянын министрлер кабинетинин төрагаларынын жолугушуусунда стратегиялык өнөктөштүктүн келечеги, анын ичинде транспорт, логистика жана санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анда соода-экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалды.

Кулубаев Монаконун тышкы иштер министри менен жолугушту

Нью-Йоркто өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Монако тышкы иштер министрлери эки тараптуу диалогду жана кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоо маселелерин талкуулашты.