
Юракадемияда экологияны коргоо жана жер алдындагы ресурстарды рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды
Юридикалык академияда Кыргызстандын жана Россиянын прокуратура өкүлдөрү экологияны коргоо жана жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелерин талкуулашты. Бул иш-чара 2024-2025-жылдарга пландалган биргелешкен аракеттердин алкагында өткөрүлүп, мыйзамсыз пайдалардын алынуусуна каршы күрөшүү, экологиялык жана экономикалык кылмыштарды алдын алуу боюнча чараларды карады.








