Тег экологиялык долбоор

Кыргызстанда “Микрозаповедниктер тору – туруктуу экосистемаларга бирге” фестивалы өттү

1-4-августта "Манжылы" түйүн лагеринде "Микрозаповедниктер тармагы - туруктуу экосистемаларга бирге" фестивалы өттү. Фестиваль Кыргызстандагы микрозаповедниктердин тажрыйбасын, экологияны коргоо боюнча билим берүү иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле, жергиликтүү коомчулуктун экосистемаларды сактоо боюнча аракеттерин колдоо максатын көздөдү. Ушул иш-чарада катышуучулар креативдүү мейкиндиктерди, мастер-класстарды, жана микрозаповедниктердин командаларынын презентацияларын көрүштү. Микрозаповедниктер экосистемаларды, биоалуулукты жана тарыхый- маданий мурастарды сактоо үчүн түзүлгөн.